20-февралда И.Арабаев атындагыКМУнун  Педагогика факультетине Казакстандын «Мирас» университетин эл аралык мамилелер жана кызматташуу бѳлүмүнүн жетекчиси Курбанов Исмаил Жибраилович келип, педагогика, гуманитардык билим берүү факультеттеринин студенттерине лекция окуду.

Лекциядан соң,  коңшу өлкөдөн келген окутуучу университеттин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов менен жолукту. Ал ректорго “Мирас” университетинин ректорунун атынан “ Ыраазычылык кат” тапшырды.

Ректор Төлөбек Абдырахманов  И. Арабаев атындагы КМУ менен “Мирас” университетинин ортосундагы кызматташтык боюнча келишимге кол койду. Ошондой эле, “Мирас” университетинин окутуучусу “Ыраазычылык катты” университеттин Окуу иштери боюнча проректору Тууганбай Абдырахмановго, Окуу башкармалыктын башчысы Октябрь Капалбаевге,  Педагогика факультетинин деканы Дж.У.Байсаловго, Кадрларды кайра даярдоо институтунун директору  Г.С.Акиевага, анын орун басары А.Т.Самыйкановго, Гуманитардык билим берүү факультетинин деканы Ө.Т.Карымшаковго, Физика математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы Ж.Т.Бексултановго жана педагогика факультетинин доцентинин милдетин аткаруучулары Э.С.Сейталиевага, Г.О.Касымалиевага, Н.К.Сегизбаевага, гуманитардык билим берүү факультетинин окутуучусу Н.Э.Абдраевага ыраазычылык кат тапшырды.

Казахстандагы  көрүнүктүү окуу жайлардын бири катары саналган “Мирас” университетинин өкүлү Курбанов Исмаил Жибраилович

 эки окуу жайдын ынтымагын бекемдѳѳгѳокутуучу  Н.Э.Абдраеванын салымы зор экендигин баса белгиледи жана онлайн конференция, мастер-класс ѳтүүгѳ студенттер жана окутуучулар тарабынан сунуштар түшүп жаткандыгын билдирди.

 Ошону менен бирге эле жыл сайын“Мирас”университетинде  ѳтүлүүчү «Свое дело» студенттердин эл аралык конкурсуна таланты, ойлоп-тапкычтыгы менен ѳзгѳчѳлѳнгѳн студенттерди катышууга чакырды.

 Эске сала кетсек,былтыр аталган сынакка калыстар тобундагы төрагаларынын бири катары профессор. Дж.У.Байсаловбарып келген.


Фото сюжет

НОВОСТИ