Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына жана Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата И. Арабаев атындагы КМУда жана Ж. Баласагын атындагы КУУда ЖОЖдор аралык спорттук таймаш өткөрүлдү.

Анда 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогоркулар болуп күч сынашышты.
40 жашка чейинкилер Кулумбаев Тимурлан, Баястанов Нурпаис, Баясбек уулу Бакыт, Кылыков Бейшенкул, Абдыйсаев Жээнбек, Ирискулов Алмаз ж.б. окутуучу агайларыбыз Ж. Баласагын атындагы КУУда спорттун валейбол түрү боюнча күч сынашып, борбор калаа Бишкектеги жогорку окуу жайлардын арасынан биринчи орунду багындырышса, 40 жаштан жогоркулар Амиров Исматилла, Назар Догдурбек уулу, Самаров Айбек, Аблылдаев Кадыр, Асаналиев Кылыч, Дыйканов Ильичбек, Нурматов Муктар, Казыев Акбарали ж.б. агайлар И. Арабаев атындагы КМУнун спорттук залында беттешип, экинчи орунду ээлешти.

Ал эми шахматтан болсо, Мурзаев Тагай жана Умурзаков Мурат агайыбыз башка ЖОЖдордун шахматчы оюнчуларын ат чабым артта калтырып, экинчи орунду камсыздашты.

Эжелер арасында өткөн тогуз коргоол боюнча мелдеште Мамытова Айзат, Абдраимова Бактыгул, Мамбеталиева Суусар, Ибрагимова Назгул эжелер ойношуп, алар да экинчи орунга ээ болушту.
Ошентип бул жолку спорттук мелдеште университетибизде эмгектенген агай- эжелерибиз намсыты колдон чыгарышкан жок.

Уюштурулган спорттук иш- чаранын негизги максаты жогорку окуу жайлар арасындагы достук мамилелерди чыңдоо жана окутуучуларды сергек жашоого үндөө болуп саналат.


Фото сюжет

НОВОСТИ