И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахмановдун буйругу менен университеттин Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Оңолбаев Мелис Бекболович проректорлук кызматынан бошоп, Көркөм маданият жана билим берүү факультетинин деканы болуп дайындалды.

Ал эми аталган факультеттин буга чейинки деканы Токсомбаева Эркенбюбю университеттин Коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп бекиди.

Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор болуп жаштар иштери боюнча кызматты жетектеп келген Жайна Садыкбек кызы дайындалды.


Фото сюжет

НОВОСТИ