Педагогика факультетинин Башталгыч билим берүүнү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору (жетекчиси-Б.С.Чокошева) студенттерге болочок кесибине багыт берүү максатында өмүрү өрнөк адамдар менен жолугушууларды өткөрүп келет.

Бул жолу КР Эл мугалими (башталгыч класстардын мугалимдеринин ичинен Кыргызстандагы жалгыз эл мугалими) Симиля Абдырахманова менен факультеттин 4-курсунун студенттеринин жолугушуусу ал эмгектенген Чүй областынын Чүй районундагы “Кегети” орто мектебинде болуп өттү.

С.Абдырахманова биздин университеттин музыка-педагогика факультетинин бүтүрүүчүсү, мугалимдик кесипте 54 жылдан бери эмгектенет. Быйыл эже 2-классты окутуп жатат.

С.Абдырахманова студенттерге өз эмгек жолу, иш тажрыйбасы жөнүндө өтө мазмундуу жана кызыктуу аңгеме куруп берип, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди. Өзү түзгөн автордук классы менен, окуу каражаттары, дидактикалык материалдары менен тааныштырды.

Педагогика факультетинин Башталгыч билим берүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун жетекчиси Б.С.Чокошева С.Абдырахмановага факультеттин жетекчилиги жана борбордун атынан студенттердин болочок кесибине багыт берүүгө салым кошкондугу үчүн “Ардак грамотасын” тапшырды.

Андан соң студенттер мектеп менен,окуу кабинеттери менен, мектептин музейи менен таанышышты.
Бул иш-чара жогорку деңгээлде өтүп,ушундай иш-чараны уюштургандыгы үчүн студенттер КР Эл мугалими С.Абдырахмановага жана Б.С.Чокошевага терең ыраазычылык билдиришти.


Фото сюжет

НОВОСТИ