И. Арабаев атындагы КМУнун филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары Калыбаева Анаркан жана Сыдыкова Жыргалбү тарабынан уюштурулган бүткүл дүйнөлүк эне тилдин эл аралык күнүнө карата “Эне тил улуттун жаны” аттуу факультеттер аралык, студенттер арасында кыргыз тили боюнча таймаш өттү.

Таймашка гуманитардык факультеттерден МО (В) -1-9; СЭОБ-11-19;  Ф/В 1-19; Ж-1-19 группаларынын студенттери “Улуу мурас” аталышындагы топ түзүп катышышса, так илимдер факультеттеринен ФМО-Ф-11-19; ФМО-М-13-19; группаларынын студенттери “Жашасын МИФ” тобун түзүп катышып, биринчи орунду алып, жеңишке жетишишти.

Аталган кечени ХБ-13-18; группасынын 2- курсунун студенти Жеңишбек уулу Азат ФМО Ф 11-18; группасынын студенткасы Бактыбек кызы Роза алып барды.

Иш-чарага И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана коммуникация боюнча проректору Эсенкулов Н.Ж. да катышты.    


Фото сюжет

НОВОСТИ