Университеттер аралык кызматташтык боюнча негизделген академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында И. Арабаев атындагы КМУга Жалал- Абад мамлекеттик университетинин, тактап айтканда ЖАГУнун Мамлекеттик тил боюнча кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, Бакирова Гүлжан жана филология илимдеринин доктору, профессор Мирзахидова Миясар, окутуучу Жалилова Нуржан келип, И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунда болушту.
 
Алар аталган институттун окутуучулары уюштурган семинар, тренингдерге катышып, студенттер менен жолугушушту. Андан соң ЖАГУдан келген агартуучуларды университеттин Окуу башкармалыгынын башчысы Капалбаев Октябрь Эркинович кабыл алып, тар чөйрөдө алар менен кеңири баарлашып, мындан ары да кызматташтыкты арттыруу боюнча пикир алышышты.


Фото сюжет

НОВОСТИ