Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеев Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору болду. Мамлекеттик университетинин жетекчилиги акынга профессордук наамды студенттер менен 27-февралда уюштурулган жолугушууда тапшырды.
 
Жолугушууда Шайлообек Дүйшеев студенттер менен баарлашып, ырларын окуп берди.
Студенттер акындын чыгармаларынын негизинде даярдаган концертин тартуулашты.
Эл акыны Шайлообек Дүйшеев быйыл 23-февралда 70 жашка чыкты. Буга байланыштуу ушул аптада президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, үч томдук чыгармалар жыйнагын чыгарып берүү ниетин билдирген.
 
Ал эми Кыргыз өкмөтү Орусиялык классик акындардын кыргыз тилине акын которгон чыгармаларын китеп кылып чыгарууга каражат бөлүүнү убада кылган.
Акын Шайлообек Дүйшеев он бештен ашык китептин автору. Анын ичинде автобиографиялык «Агындылар» китеби бар. Ал 2013-жылы жарык көрүп, жети жолу кайра басылган.


Фото сюжет

НОВОСТИ