И. Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык – укуктук билим берүү факультетинин  “Жалпы тарых жана СЭУББ” кафедрасы  “Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына утурлаймектеп окуучулары арасында “Билим таймаш” интеллектуалдык оюнун уюштурду. 

Оюнга Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы мектептер аралык:   № 84 Ж.Садыков атындагы мектеп  жана  № 72 А.Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясынын окуучуларынан түзүлгөн “84-регион”, “84-дивизия”, “Келечек ээлери”, “Жеңиш”, “Мурас”, “Ырыс” деп аталган 6 команда ат салышты.

Жыйынтыгында  баш байгеге   “Жеңиш” командасы  ээ болсо,  биринчи орунга  “Ырыс” , экинчи орунга  “84- регион” үчүнчү орунга “Келечек ээлери” командасы  ээ болду.         Ал эми окуучуларды № 72 А.Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясынан  Шокеева Гулнара Жумалиевна , Жусупова Гулзат Жакшылыковналар жетектеп келишсе,   № 84 Ж.Садыков атындагы мектептен Жолдошева Айпери Ишенбековна жетектеп келди. Мындай олимпиадалар И. Арабаев атындагы КМУда дайыма өткөрүлүп келет.

Максаты:- университет менен мектептердин байланышын бекемдөө, мектеп окуучуларынын талантын, билимин, шык- жөндөмүн арттыруу, болочоктогу кесип тандоосуна шыкак берүү болуп эсептелет.


Фото сюжет

НОВОСТИ