25-февралда И. Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана Эл аралык мамилелер   факультетинде кытай тилин окуган студенттердин арасында кытай фонарлары(灯笼) аттуу конкурс өттү. Аталган конкурста кытай тилин окуган студенттер фонарларды өздөрүнүн фантазиясы менен менен жазап, волонтёрлорго тапшырышты.

Сынакка жалпы 20 студент катышты. Жыйынтыгында Биринчи орунду багындырган  Токтасинова Эркайым 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланса, экинчи орунду алган  Аннагельдиева Бахар менен Канат кызы Эльвира  1500 сомдон, ал эми  үчүнчү орунду алган Арбуду Мадина менен Турдумбаева Кундуз 1000 сомдон акчалай сыйлык алышты.

И. Арабаев атындагы КМУнун Чыныш таануу жана Эл аралык мамилелер факультетинин алдында түзүлгөн Конфуций бөлүмү  18- февралдан бери кытайдын байыркы атактуу бийлеринин бири Тай Жи Чуанды каалоочуларга бекер үйрөтүүдө.Бий ийримине окутуучулар, студенттер жана башка каалоочулар келип катышышууда.


Фото сюжет

НОВОСТИ