4-5-март күндөрү " Билим стандарт" көз карандысыз аккредитация агенствосу өлкөдөгү педагогикалык багыттагы адисттерди даярдаган И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин билим берүү кызматтарынын сапатын сырткы баалоодон өткөрүп жатат.
 
Аккредитациялык ишти аталган агенттиктин директору Эсентаев Эрик Аскарбековичтин төрагалыгында түзүлгөн, 17 кишиден турган эксперттик комиссия текшерүүгө алууда. 4- март күнү алар университеттеги студенттер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр менен жолугуп сүйлөшүп, интервью жанырында пикир алышып, университет тууралуу алардын ой- пикирлерин угушса, 5- март күнү университетте эмгектенген ректораттын кызматкерлери менен жолугуп, өздөрүнүн суроолорун берип жооп алышты.
 
 Андан соң, күндүн экинчи жарымында окуу жайдагы жалпы кагаз иштерин, документацияларды дыкат текшеришти. Жалпысынан алганда университеттин бакалавр багыты боюнча 26 программасын аккредитациядан өткөрдү. Былтыр ушул эле көз карандысыз эксперттик комиссия университетти магистратура боюнча аккредитациядан өткөргөн.  

Жыйынтыгында аккредитация ийгиликтүү өтүп, университет жакшы деген баага татыды. Билим берүү жана илим министрлигинин жобосу боюнча жогорку окуу жайлары аккредитациядан беш жылдан бир ирет өтүүгө милдеттүү.  


Фото сюжет

НОВОСТИ