2020-жылдын 6-мартында И. Арабаев  атындагы КМУнун Чыңгыз Айтматов атындагы жыйындар залында «8-Март  Эл аралык Аялдар күнүнө» арналган куттуктоо концерти болуп өттү. Майрамдык кечеге университет жетекчилери жана окуу жайда эмгектенген агартуучу айымдары катышышты. Университеттин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов айымдарды Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

«Баарыңыздарды жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон Эл аралык аялдар майрамы менен чын жүрѳктѳн куттуктайм! Аялдардын эл аралык күнү бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө белгиленген майрам. Учурда 8-март - дүйнөлүк коомчулукта аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынып, белгиленип келет.  Аялзатынын эң кымбат, баарынан асыл, ыйык  милдети-улуу табигат тартуулаган энелик милдет болгондуктан,  аялдарга дүйнө жүзүндө жашаган бүткүл адамзат баш ийип, тизе бүгүп, колун бооруна алып, таазим кылууга милдеттүү.

Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан Пайгамбарыбыз "Бейиш-эненин таман алдында" деп аялдардын балдары үчүн тарткан түмөн-түйшүгүн белгилеп, аларды сыйлоого милдеттендирген. Ар дайым жүзүңүздѳрдѳн жылмаюу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм», -деди.

Андан соң И. Арабаев атындагы КМУга айымдарды куттуктоо үчүн жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн айрым агартуучу айымдарга Улуттук тил комиссиясынын  Ардак грамоталарын тапшыруу үчүн келген КРнын Президенттинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, профессор Назаркул Ишкеев  аялзатысыз жашоо кѳрксүз экенин баса белгилеп:

«Аялзаты жөнүндө эң жакшы сөздөрдү айтып түгөтүү мүмкүн эмес. Аялзатынын сулуулугу бардык элдерде руханий дүйнөнүн азыгы болгон адабий, музыка жана сүрөт чыгармаларын жаратууга шык берген, эргүү берген. Элибизде дагы эң мыкты чыгармалар сиздерге, сиздердей болгон элибиздин сулууларына, балдарына мээримин төккөн энелерге арналган. 

Азыркы коомдун өнүгүүсүндө аялдардын орду чоң. Өлкө жүгүн мойнуна алган мырзалар менен тең катарлаш келе жатканына мезгил күбө. Сиздер университетибиздин ѳнүгүп-ѳнүгүүсүнѳ эбегейсиз салым кошуудасыздар. Ушунуңуздардан жазбай ар дайым мырзаларга дем-күч берип жүрѳ бериңиздер.

Жалпыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм жана чын ден соолук, бакубат жашоо каалайм», - деген куттуктоо сөзүн айтты.

Университет жетекчилери куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин айымдарга гүл тартуулап, концерттик программаны ачып беришти.Иш-чараны  КТРКнын журналистти, белгилүү алып баруучу, диктор Алмаз Касымалив алып барды.  


Фото сюжет

НОВОСТИ