И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда менен  жолукту. Жолугушууда ректор менен элчи эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, мындан аркы кызматташтыкты активизациялоо боюнча маселелерди талкуулашты.  

Элчи  Кыргызстандагы жогоркуу окуу жайларынын ичинен И. Арабаев атындагы КМУ Жапония менен көбрөөк кызматташып жатканын жашырган жок жана университеттин алдындагы  Жапон таануу институту жакшы иштеп жатканын белгиледи.  

Эске салсак, И. Арабаев атындагы КМУнун алдында түзүлгөн Жапон таануу институтунда бүгүнкү күндө 200 дөн ашык студент билим алат. Студенттер институттан жапон тилин үйрөнүп, жапон маданиятын өздөштүрүү менен бирге эле күн чыгыш өлкөсүнө барып акысыз билимин өркүндөтүп келүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Жылына 20 га жакын студент Жапонияга барып билимин жогорулатып келишет.

Ректор менен элчинин кезигүүсү И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Жапон таануу институтун директору Айбек Самаровдун көмөгү менен уюшулганын кошумчалай кетели.


Фото сюжет

НОВОСТИ