25-  апрель күнү И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович Педагогика факультетинин деканы Байсалов Жоомарт Усубакунович менен Чыгыш таануу жана Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Алымкулов Замирбек Аманбековичти кабыл алып, факультетте жүрүп жаткан окуу процесси, мугалимдердин сабак өтүү активдүүлүгү, студенттердин сабакка болгон катышуусу, контрактык төлөмдөрдүн төлөнүшү боюнча маалымат алды.

Ректор буга чейин башка факультеттердин декандарын, институттардын директорлорун кабыл алып, маалымат алган болчу. Ректордун курамдын жетекчилеринен малымат алган себеби, аралыктан ишке ашырылып жаткан окуу процессинин сапатын жана аралыктан билим берүүдөгү мугалимдердин артыкчылыктарын баалоо, ошондой эле программалык каражаттарды колдонууда жаралган мүчүлүштүктөрдү жоюу, студенттерге жеңил шарт түзүп берүүгө аракет жасоо болуп саналат.

Эске салсак, аралыктан окутуу учурда  “AVN” башкаруу маалымат системасы жана  ZOOM, WhatsApp,Telegram аркылуу ишке ашууда.  

НОВОСТИ