И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети профессордук-окутуучулар курамынын арасында окуу жай тууралуу “Уюткулуу окуу жайым - сыймыгым” аттуу эссе жазуу боюнча онлайн сынак жарыялайт.
Аталган сынак И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаштар менен жүргүзүлүүчү 2019-2020-окуу жылына карата бекитилген комплекстүү иш пландын негизинде уюштурулат.
1.СЫНАКТЫН МАКСАТЫ
Сынак учурдагы пандемия шартында педагогдук парзын ак дилден аткарып, дистанттык технологияларды колдонуу менен студенттерге билим- тарбия берип жаткан университеттин профессордук-окутуучулар курамынын тилектештигин жана окуу жайга болгон пикирин ачыктоо максатын көздөйт.
2.СЫНАКТЫН ТЕМАТИКАСЫ
- И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин билим берүү тармагындагы учурдагы жана тарыхтагы алган ордун ачып берүү;
- И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетининдеги окуу- тарбия иштериндеги ийгиликтерди жана жетишкендиктерди белгилөө;
- И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги негизги өзгөчөлүктөрдү көрсөтүү;
- И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин заман талабына жараша жаңыча өнүгүү багыттарын сунуштоо;
- И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу бүтүрүүчүлөрүнүн коомдогу алган ордун белгилөө;
- И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин
сыймыктуу педагогторунун бейнесин ачып берүү;
- И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин
сыймыктуу стденттеринин ийгиликтерин ачып берүү;
З.СЫНАКТЫН ТАЛАПТАРЫ:
- Эмгектин (эссенин) көлөмү 5 барактан ашпашы керек (компьютердик басма менен: шрифт Times New Roman, кегль 14, 1,5-аралыгы).
- Эссе А4(210 х 297 мм) өлчөмдөгү ак кагаздан бир жак гана бетине кара тамга менен басылышы керек;
- Барактын: үстү жана асты - 2 см, сол жагы- 3 см, - 1,5 см.
- Автордун толук аты-жөнү, курамдын аталышы (институт, факультет), эссенин темасы, байланыш телефондору (факс, e-mail) жазылышы керек;
- Эссе мамлекеттик тилде же расмий тилде жазылышы керек;
- Жогорудагы талаптар аткарылбаган учурда эмгектер сынакка кабыл алынбайт.
4. ЭКСПЕРТТИК КОМИССИЯНЫН БААЛОО КРИТЕРИЙЛЕРИ:
- Сынактын эксперттик комиссиясы эмгекти (эссени) төмөндөгүдөй критерийлер боюнча баалайт:
- Эссенин окуу жайдын имиджин көтөрүү деңгээли;
- Эсседе ойдун аргументтештирилип берилиши;
- Эсседеги ойдун оригиналдуулугу;
- Эссенин жыйынтыгы жана эгер бар болсо сунуштардын негиздүүлүгү;
5. СЫНАК ӨТКӨРҮҮНҮН ТАРТИБИ
- Сынакка катышууну каалагандар тиешелүү электрондук дарек боюнча
конкурска катышуу үчүн эсселерин жиберишет.
- Сынактын катышуучуларынын эмгектери уюштуруу тобу тарабынан
каралып бүткөн соң, эксперттик комиссияга жиберилет.
- Сынакка келип түшкөн эмгектер эксперттик комиссия тарабынан ачык түрдө өтөт.
- Эксперттик комиссиянын чечимдеринин протоколу түзүлөт жана конкурстун уюштуруу тобуна жиберилет.
- Эксперттик комиссиянын протоколдорунун негизинде уюштуруу тобу
сынактын жыйынтыгын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат.
- Сынактын жеңүүчүлөрү 1, 2, 3-орун:
1-орун Ноутбук
2-орун Нетбук
3-орун Планшет
1, 2, 3 - даражадагы дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышат.
- Сынакта мыкты деп табылган эмгектер атайын жынак болуп басмадан
чыгарылат жана И.Арабаев атындагы КМУнун сайтына, "Арабаев Пресс" гезитине жана башка массалык-маалымат каражаттарына жарыяланат.
6. СЫНАКТЫ ӨТКӨРҮҮ УБАКТЫСЫ ЖАНА ОРДУ
Өткөрүү мөөнөтү: 2020-жылдын 20-апрелинен 1-июнга чейин. Сынакка катышууну каалагандар жазган эмгектерин (эссени) 2020-жылдын 30-майына чейин еssе_sinak@mail.ru электрондук дареги аркылуу уюштуруу тобуна жибериши керек. Эссе өз убагында жиберилбесе сынакка катышуу укугунан ажыратылат. Суроолор боюнча: (0312) 661660, 0505433882, 0703405024 байланыш телефондоруна кайрылыңыздар.
Жаштар иштери боюнча башкы адис Мамбетова Ж.Д