Урматтуу И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жалпы кызматкерлери, окутуучу-профессорлор жамааты, кымбаттуу кесиптештер, эмгек майрамыңыздар менен!

1-Май - эмгекчилердин эмгек тилектештигинин күнү кут болсун! Билим берүү тармагында келечек кесип ээлерине татыктуу тарбия берип, ар бир күнүн жаштардын, студенттердин билим алышына, алардын коомдон өз ордун таап, билимдүү, кесипкөй адис болушуна сиздер талбай кызмат кылуудасыздар!

Эмгек, эмгектин арты менен канчалаган адамдар сыйлуу да, сыймыктуу да боло алат. Бул майрам мына ошол биз эмгектенип жаткан тармактын, ишибиздин бир эсе кадырын арттырса, бир эсе өзүбүз үчүн кандай эмгек кылдым деген да суроого жооп болушу мүмкүн. Күжүрмөндүк, аракет, эмгекчилдик, талбас тажрыйба, кесипкөйлүк бүгүнкү майрамдын негизги символу!

Профсоюз комитетинин атынан сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө бакыт каалайм. Биздин ар бирибиздин эмгегибиз салмактуу, татыктуу, кубанычтуу, ак ниеттүү, таза жана пайдалуу болсун. Ар бирибизде ар дайым сүйүп эмгектенген ишибиз болуп, ал бизге зор канааттанууну алып келсин.

Көптөгөн жылдардан бери майрамдалып келген бул майрам элибизге, сизге, баарыбызга кут болсун.

И. Арабаев атындагы КМУнун профсоюз комитетинин төрагасы Бектуров Эрмек Шакирович!

НОВОСТИ