Педагогика факультетинин  “Табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиясы” кафедрасы 13-майда кафедранын магистранттарын on-line режиминде ZOOM программасынын алкагында алдын ала коргоодон өткөрдү.  Кафедранын магистранты Кутман уулу Кубанычбек (жетекчиси кафедранын доценти Казиева Г.К.) “Орто мектептерде математиканы окутууда окуучулардын логикалык ойлонуусун өстүрүү методикасы” деген темадагы магистрдик диссертациясын талкууга койду. Ал Ысык - Көл областынын Тоң районунан байланышка чыкты.

Магистрант докладында диссертациялык иштин темасынын актуалдуулугуна, диссертациялык иштин илимий натыйжаларына: Диссертациялык ишиндеги изилдөөнүн объектисине, предметине  жана максатына, милдеттерине ылайык ар кандай деңгээлдеги илимий-теориялык жана практикалык жыйынтыктарына токтолду. Кафедранын окутуучулар курамынын суроолоруна жеткиликтүү жооп берди. Диссертациясындагы кээ бир сунуштар илимий макала болуп жарыяланганын баяндады.

         Белгилей кетсек, магистрант Кубанычбек уулу Кутмандын менталдык арифметика боюнча методикалык колдонмосу жарык көргөн, мектеп окуучуларына менталдык арифметика боюнча кружокторду уюштуруп, окуучулардын логикалык ойлонуусун өстүрүүгө өз салымын кошууда, ошондой эле илимий жетекчиси Г.К.Казиеванын жетекчилиги менен факультеттин илимий-практикалык конференцияларына активдүү катышып келет.

         “Табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиясы” кафедрасы факультеттеги алгачкы on-line режиминдеги алдын ала коргоо уюштурду. Башка магистранттар менен дагы ушул ыкмада алдын ала коргоолор уланат.

         Демек, ZOOM программасынын алкагында коргоолорду уюштурса болоору мүмкүн экендигин,  аралыктан окутуу формасы күндүзгү окутуу формасынан эч кем калышпастыгын мезгилдин агымы далилдеди.


Фото сюжет

НОВОСТИ