20-июлда абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталат. Бул тууралуу 26-майда брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын бүтүрүүчүлөр 13-19-июль күндөрү алышат.
«Бул жылы атайын программа иштелип чыкты. Ар бир бүтүрүүчү үйүндө отуруп, өзү тандаган окуу жайга документтерди, талонду электрондук форматта тапшыра алат», - деди Жусупбекова.
Ал 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар менен күбөлүктөр өз учурунда тапшырыларын кошумчалады.  

НОВОСТИ