Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Жеңиш ырын ырдайбыз” аттуу студенттер арасында өткөн республикалык онлайн фестиваль-сынагынын жыйынтыгы чыкканын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттеринен фестивалга жалпы 400дөн ашуун материал түшкөн. Ал эми катышкандардын саны 1000ден ашкан.

Жыйынтыгында обондуу ырлар номинациясында Талас мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Искендер Токтогулов 1-орунду, Ош  гуманитардык -педагогикалык институтунун 4-курсунун студенти Майрамбек Шакиров 2-орунду алды.

 Монолог окуу боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун - Уланбек кызы Гулнур, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы педагогикалык колледжинин 2-курсунун студенти;

2-орун - Кеңешбек кызы Уулкан, Ош мамлекеттик университетинин 1-курсунун студенти жана Дүйшөева Аяна Ысык-Көл индустриялдык-педагогикалык колледжинин 2-курсунун студенти,

3-орун- Кудайберди Арапбаев,  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад университетинин алдындагы  Жалал-Абад колледжинин  1-курсунун студенти, Акжол кызы Орозгүл, Баткен мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти жана Темирлан Маликов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 4-курсунун студенти.

Белгилей кетсек, аталган сынакты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган. 

НОВОСТИ