И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен жолукту. Такгыраак айтканда, элчинин кеңешчиси- консул Жумбергенов Жаныбек менен элчиликтин биринчи катчысы Кинжибаев Бегасынды кабыл алды.

Эки тараптуу жолугушууда, Казакстандагы  педагогикалык окуу жайлары менен И. Арабаев атындагы КМУнун буга чейинки, учурдагы жана мындан аркы алака-катнашы, эки тараптуу кызматташтык мамилени азыркыдан дагы жогору кылып  бекемдөө, И. Арабаев атындагы КМУнун мугалимдерин, студенттерин, Казакстандагы  педагогикалык жогорку окуу жайларга практикага жиберүү, ал жактын мугалим, студенттерин И. Арабаев атындагы КМУга алып келүү тууралуу да маселелер козголду. Жыйынтыктап айтканда жолгушуу абдан маанилүү болду.

Соңунда казак элчилигинин өкүлдөрү КМУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго атайын ала келишкен тарыхый, адабий китептерин бекелеке беришип, эстеликке сүрөткө түшүштү.


Фото сюжет

НОВОСТИ