Эльмира Иманалиева Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу БШКнын социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда маалым болду.

Буга чейин ал парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты, И. Арабаев атындагы КМУда мугалим, ж.б. бир катар жоопту кызматтарды аркалаган. 

НОВОСТИ