24-июнда И.Арабаев атындагы КМУ уюштурган  «ЖООКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ, КООПСУЗДУК ЖАНА КЫРГЫЗ КООМУНУН ЖАНА МАМЛЕКЕТИНИН ӨНҮГҮҮ БАГЫТТАРЫ» аттуу он-лайн конференция болуп өттү.  Он-лайн иш-чарага  Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институту жана Мамлекеттик Коопсуздук окуу мекемелеринин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, илимий мекмелердин кызматкерлери катышты.

Негизги доклад, илимий билдирүүлөр КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын проректору, тарыхчы З.К.Курманов, КМУ илимий проректору, философ Э.Ж.Каниметов, КМЮУ кафедра башчысы, профессор С.М.Абдрасулов, УКМК окуу бөлүмүнүн жетекчилеринин бири Марат Абдылдаев жана Аскер институнун жетекчи курамы тарабынан жасалды. Аскер институнун жетекчилери алардын курсанттары Москва шаарында өтүп жаткан парадга катышып жатканын билдиришти. Он-лайн иш-чаранын катышуучулар мамлекетти жана коомду өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелерди теманын алкагында карап, талкуулап, мындан ары кызматташууну улантуу зарыл экендигин белгилешти. Конферециянын сонунда КМУ илимди уюштуруу бөмүнүн башчысы Р.А.Кутанова маалымат технологияларынын жана каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн мындай кызматташуу, чогуу долбоорлорду иштеп чыгууда кенири пайдаланууга чакырып, бирдиктүү иш-чараларды уюштуруу боюнча КМУнун илимий планын тактоо иштери жүрүп жатканын айтты.


Фото сюжет

НОВОСТИ