Университетибиздеги дене тарбия бөлүмүнүн күндүзгү окуу бөлүмүндө окуган 29 бүтүрүүчү 23-июнь күнү мамлекеттик экзаменди онлайн аркылуу ийгиликтүү тапшырышты. 29  бүтүрүүчүнүн ичинен 20 студент эң жакшы, жетөөсү жакшы, эки  студент канааттандырарлык баага тапшырышты.

Коммиссиянын төрагасы, Дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруу факультететинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты Азизбаев Саитдин Сейитбекович болду.

Жыйынтыктап айтканда, экзамен ийгиликтүү өттү. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, быйыл И. Арабаев атындагы КМУнун дене тарбия бөлүмүн аяктап жаткан студенттердин алтоо спорттун ар кандай түрү боюнча чеберлер. Келечекте алардан чоң спортчу чыгаарынан биздин үмүтүбүз чоң.

Кыргыздын туусун желбиреткен  мыкты спортчулар жана машыктыруучулар болушат деген тилектебиз!

   


Фото сюжет

НОВОСТИ