Урматтуу кесиптештер! Сиздерди эң оболу Эгемендүүлүк майрамы жана удаа келген Билим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.

          Тарых барактарына көз жүгүртсөк элибиздин, мекенибиздин кубанычтуу эркиндигине жетүү үчүн ата-бабаларыбыз Улуу кыргыз каганатын түптөп, күчтүү мамлекет курууга болгон күч аракетин жумшап, опол тоодой эмгек өтөгөн. Эгемендүүлүк - кыргыз элинин энчисине бүткөн бакыт. Кандай гана тоскоолдуктар, кыйынчылыктар болбосун улуу жолдон тайбай, урпактарыбызга урмат-сый менен эгемендүүлүктүн туусун татыктуу өткөрүп берүү ар бирибиздин милдетибиз.

          Учурдагы кырдаал, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиянын катаал шартында да баарына кайыл болуп, элдин, мамлекеттин эртеңкиси үчүн жаш муундарды тарбиялап, алардын келечеги үчүн жан таштаган агартуучулардын эмгеги өзгөчө баага ээ болоору талашсыз.

          Мындай шартта аралыктан билим-тарбия берүү милдети жүктөлүп, дал ушундай сыноолор бизди чыйралтып, нагыз кесипкөйлүгүбүздү, педагогдук жоопкерчилигибизди, инсандык беделибизди жана университетке деген патриоттуулук сезимдерибизди күчөттү жана коом алдында жүзүбүздүн жарык экендигин далилдеди. Жаш-карысына карабастан баардыгына бирдей кастарын салган апаат көп нерселерге карата биздин көз караштарыбызды өзгөрттү. Өтө кайгылуусу бул апаат арабыздан сүйүктүү кесиптештерибизди алып кетти....

          Түзүлгөн кырдаал окуу процессине терс таасирин тийгизбеши үчүн аны жаңыча уюштуруу ыкмаларын колдонуп, окуу контентин жаңы системага салып, инновациялык технологияларды пайдалануу жолу аркылуу аралыктан билим берүү менен 2020-2021-окуу жылын баштоо алдында турабыз.

          Мындай кырдаалда Сиздердин чыныгы педагогдук касиетиңиздерди, өзгөлөргө өрнөк болчу кесипкөйлүгүңүздөрдү жана тажрыйбаңыздарды, чыдамкайлыгыңыздарды жана кыйынчылыктарды жеңүүгө кошкон салымыңыздарды өзгөчө белгилеп кетүү ашыкча болбос.

          Дагы бир ирет Сиздерди Эгемендүүлүк майрамы жана Билим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Эгемендүү өлкөбүздө тынчтык, ынтымак, биримдик улана берсин. Сиздерге бекем ден-соолук, бакубат жашоо, ынтымак-ырашкерликти каалайбыз. Ийгилик дайым коштоп жүрсүн. Кыргызстаныбыздын асманы ачык, келечеги кең болсун! Жашасын эгемендүү Кыргызстан!

Сиздерди терең урматтоо менен, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректораты.

НОВОСТИ