Урматтуу студенттер!Сиздерди 1-сентябрь Билим күнү менен куттуктайм.Билимге жана илимге умтулуу - адам баласынын өзгөчө касиети, табигый муктаждыгы.

        1-сентябрь – Билим күнү коомчулугубузда ушул умтулуунун нукура башаты катары белгиленип, билим дүйнөсүнүн жаӊы барактары ачылып, чоӊ келечектин алгачкы кадамдары ташталат. Билим, илим жана маданиятты сыйлаган коом үчүн – бул күн өзгөчө майрам. Дал ушул 1-сентябрда – жаңы жашоо, жаңы максат, жаңы жоопкерчилик, жаңы сезим-туюмдар башталат. Ушул күнү элизбиздин келечекке талпынган мыкты уул-кыздары билим майданына аттанып, татыктуу билим алуу менен өздөрүн мекенине кызмат кылууга даярдап башталат.

        Учур талабына ылайык университеттин баа жеткис байлыгы болгон  сүйүктүү студенттерибиз  менен университетте жолугушуу  мүмкүнчүлүгү ээ болбосок да, аралыктан билим алып, өзгөчө дилгирлик жана тырышчаактык менен окууну улантып, кырдаалга жараша талаптарды тыкыр аткарып жаткан студенттерибизге ыраазычылык билдирем.

        Өзгөчө белгилеп, өзгөчө ыраазычылык билдире турган студенттерибиз-  университеттин биринчи курсуна кабыл алынган жаштар. Ушундай кыйын шартта биздин университетти тандап алып, ишеним арткан сиздерге жана ата-энелер терең ыраазычылык билдирип, ишенимиңиздерди актайбыз деп ишендирип кетем.

        Урматтуу студенттер, сүйүктүү окуу жайга кайтып келишиңиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!  

Баарыӊыздарды Билим күнү менен дагы бир ирет куттуктап,  чыӊ ден-соолук, билим алуудагы бийиктиктерди каалайм.

         И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор  Абдырахманов Т.А.

 
 

НОВОСТИ