И. Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык- укуктук билим берүү факультетинин студенти Серкебаева Калия Казакстанда өткөн "КМШ-2020 эң мыкты студент” эл аралык  долбооруна катышып, жеңишке жетишти.

 Эске салсак, аталган долбоор Казакстандын окумуштуулар Конгрессинин колдоосу менен "Бобек” "Жалпы Улуттук кыймылы" ассоциациясы түрүндөгү юридикалык жактардын бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Долбоордун  башкы максаты: жаш окумуштуулардын  иновациалык долбоорлорун аныктоо, айкындоо жана колдоо көрсөтүү болуп саналат.  

Аталган долбоорго Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Белоруссия, Россия жана Кыргызстандын мыкты студенттери катышкан.Алардын арасында жогоруда белгилегендей, университетибиздеги алдыңкы студенттердин бири Серкебаева Калия кызыбыз дагы бар.


Фото сюжет

НОВОСТИ