Би-Би-Си Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын студенттери арасында “Сиз Британия тууралуу эмне билесиз?” деген интерактивдүү телевикторина  өткөрдү. Сынакка И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун үч студенти, тактап айтканда Нуржанбекова Айжанат, Алимжанова Асел жана Моңолдорова Эмили атуу үч кыздан турган бир команда катышты.

Бактыга жараша билим менен күч сынашкан акылдуу кыздарыбыз башка жогорку окуу жайларынын командаларын ат чабым артта калтырып, биринчи орунду багынтып, Би-Би- Синин баалуу сыйлыктарына ээ болушту. 

Башкы орунду багынтып, окуу жайдын намысын коргогон үч кызды И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов, Жаштар иштери жана спорт боюнча проректор Жайна Садыкбекова, Манас таануу жана лингвистика институтунун директору Мусаев Сыртбай Жолдошевич кабыл алып куттукташты. 

Ошондой эле, Би-Би- Синин кызматкери, белгилүү журналист,  Кубат Чекиров, ректор Төлөбек Абдырахмановдун кабыл алуусунда болду.

 Анда журналист И. Арабаев атындагы КМУ студенттерге татыктуу билим берип жатканын белгилеп, окуу жайга  Би-Би-Синин атынан сертификат тапшырды.  

Ал эми сынактын тандоо туру ушул жылдын 28-августуна чейин жүргүзүлгөн. Сынакка катышууну каалаган командалар Британия менен Кыргызстандын окшош жактарын кыска жана кызыктуу түшүндүрүп бериши керек болгон.

Экинчи айлампа 28-августтан 2-сентябрга чейин өтүп, тандалып алынган командалар өздөрү окуган окуу жай тууралуу кыска видео презентация сунушташкан. 

Видеонун узундугу 3 мүнөттөн ашпашы керек болчу. Мына  ушундай татаал талаптарды так аткарып, ийгиликке жетишкен, билимдүү студенттер менен окуу жайдын жетекчилиги, мугалимдер ар дайым сыймыктанат!  


Фото сюжет

НОВОСТИ