9- сентябрда И. Арабаев атындагы КМУнун ректораты институт жетекчилери, декандар менен болгон кезектеги чогулушун өткөрдү.

Жыйынга университеттин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов,  ректордун орун басары, Окуу иштери боюнча проректор Тууганбай Коңурбаев, Административдик чарба иштери боюнча проректор Амангелди Сыйырбеков, Жаштар иштери жана спорт боюнча проректор Жайнагүл Садыкбекова, Окуу башкармалыктын башчысы Октябрь Капалбаев, бөлүм башчылар, окуу жайда административдик кызматта  эмгектенген ж.б. кызматкерлер  катышышты.

 Жыйын пандемия маалында арабыстан өтүп кеткен айрым кесиптештерди эскерүү менен башталды.

Андан соң күн тартибиндеги негизги делген маселелер каралды. Анда алдыдагы окуу процессин күчтөнтүү, аралыктан окутуунун шартын жогорулатуу, мугалимдердин он-лайн сабагына болгон көзөмөлдү күчөтүү, сабакты жакшы өткөн окутуучулардын айлык маянасын жогорулатуу, сабак өтпөгөн, студенттер менен аралыктан байланышка чыкпаган мугалимдердин айлыктарын азайтуу ж.б. чараларды көрүү маселеси козголду. Кээ бир декандардын иши сынга алынды.  

 


Фото сюжет

НОВОСТИ