Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган "Bozkırın Uyanışı CENGIZ AYTMATOV" аттуу 2 томдук илимий макалалар жыйнагы Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын колдоосу менен басмадан  чыгарылды.

Китепке 23 өлкөдөн  98 окумуштуунун макалалары жарыяланган.  Түрк тилинде чыккан бул эки томдук Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун баш сөздөрү менен жарык көрдү.

Китептин бат ачары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан  Акматалиевдин  жетекчилиги астында уюштурулуп, ага Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият тармагы боюнча кеңешчиси Nuri Şimşekler катышты.

Аталган китепке И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Т.А.Абдырахмановдун, профессор С.Ж. Мусаевдин  жана доценттер  К. Койлубаевдин, Жайна Садыкбекованын  макалалары кирген. Бул терең маанилүү тарыхый китеп түрк тилдүү элдердин сыймыгы экендигинде шек жок.


Фото сюжет

НОВОСТИ