Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына" карата жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  билим берүүнү санариптештирүү боюнча сунушунун негизинде 17-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде “Санарип университет” аталыштагы конференция өттү. 

Конференциянын негизги максаты – кесиптик орто жана жогорку окуу жайлардын ортосундагы тажрыйба алмашу, ийгиликтүү практикаларды үйрөнүү жана санариптешүү аркылуу билим берүү сапатын жогорулатуу, коррупциялык тобокелдиктерден арылуу...

Жыйында Каныбек Исаков билим берүү тармагын санариптештирүү багытында жасалып жаткан жумуштар, билим берүү системасынын пандемия   шартына карата ыңгайлашуусу жана Билим берүү жана илим министрлигинин акыркы бир жыл аралыгында аткарган иштери боюнча маалымат берди.

"Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын" алкагында ОшМУ заманбап-санариптик билим берүү чөйрөсүн түзө алды. Бул багытта электрондук университет долбоору толугу менен ишке ашууда. Алдыда окуу жайдын ички структуралык бөлүмдөрү арасындагы кагаз жүгүртүүнү толук санариптештирүү, ошондой эле, "Түндүк" тутуму аркылуу мамлекеттик мекемелер менен автоматташтырылган түрдө маалымат алмашууга жетишүү турат.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев,  Өкмөт Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы  Жанна Саралаева, Жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын төрагасы  Абдылда Мусаев, Билим берүү жана илим министри Каныбек  Исаков, министрдин орун басары Нурлан  Омуров жана Кыргыз Республикасындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери катышышты.

НОВОСТИ