III. БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН ПАНДЕМИЯГА КАРАТА ЫҢГАЙЛАШУУСУ
Коронавирус пандемиясы билим берүүнү санариптештирүү процессин тездетти жана аны менен бирге эле нормативдик-укуктук базаны өзгөртүү зарылчылыгын көрсөттү. Буга байланыштуу дистанттык окутууга өтүү үчүн нормативдик документтер толугу менен өзгөртүлдү жана аралыктан окутуунун негиздерин үйрөтүүчү атайын нускамалар иштелип чыкты.
 
  • ДИСТАНТТЫК ОКУТУУНУ УЮШТУРУУ ПРОЦЕССИ
2020-жылдын 20-мартында атайын Антикризистик план бекитилип  жана алкагында системдүү жумуш жүрдү. Министрлик реалдуу абалды эске алуу менен дистанттык окутуунун аралаш формасын сунуштады. Ага ылайык сабактар КТРКнын «Баластан» (мектепке даярдоочу тайпалар, 1-4-класстар), ЭлТРдин «Илим жана билим» (5-11-класстар) телеканалдарында тартылып, эфирге чыкты жана 5-канал, Пирамида, Санат ТВ, Ынтымак ТВ аркылуу ретрансляция болду. Андан сырткары ушул эле сабактар ютуб (you-tube) каналдарына, жана министрликтин атайын oku.edu.gov.kg. порталына жайгаштырылды.  COVID – 19 илдетинен келип чыккан татаал эпидемиологиялык кырдаал окуу-тарбия процессин кыска мөөнөттө өзгөртүүгө алып келип, окуу процессин санариптик форматка өткөрүүнү тездетти. Кыргызстан окуу жылын дистанттык режимде жыйынтыктады.
4-чейрек үчүн 1700 видеосабак тартылып, алардын сапатын жакшыртуу үчүн методикалык колдонмолор иштелип чыкты. 2020-2021-жаңы окуу жылы үчүн Билим берүү жана илим министрлиги 7022 видеосабак тартат.
Мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүү үчүн педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институту тарабынан мугалимдерге бул багытта атайын инструкциялар жана видеороликтер даярдалып, таратылды жана Республиканын мугалимдерине жана методисттерине дистанттык окутуунун негиздери боюнча атайын вебинарлардын сериясы өткөрүлдү.
Ата мекендик уюлдук байланыш операторлору Альфа-Телеком, Нур телеком, Билайн компаниялары Билим берүү жана илим министрлиги көтөргөн демилгенин алкагында мугалимдерди жана окуучуларды колдоп, өз тарифтери менен бардык билим берүү каналдарына жана интернет сайттарына акысыз кошулууга мүмкүндүк беришти;
 
  • БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ ҮЧҮН  ЫКЧАМ ТҮРДӨ ӨНӨКТӨШТӨРДҮН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ЭЛЕКТРОНДУК-ИНТЕРНЕТ РЕСУРСТАРДЫ ТҮЗДҮ
Аралыктан окутуу үчүн керек болуучу, өзгөчө форматтагы электрондук китептер зарыл болду жана ал үчүн стандарттарды да иштеп чыгуу керек эле. Бул маселени чечүү үчүн окуучуларга kitep.edu.gov.kg сайтына 537 окуу китебин жана 300дөн  ашуун көркөм адабий китептер жайгаштырылды. Буга кошумча окуу китептери https://lib.kg/lib/school/ дарегине да коюлду.  Башталгыч класстар үчүн 7 предмет боюнча электрондук программалык-методикалык iBilim комплекси кошумча билим берүү ресурсу катары сунушталды. (https://www.ibilim.kg/kyr/index.html). Ал эми 5-9-класстар үчүн математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча окуу материалдарынын БИЛИМ БУЛАГЫ мультимедиялык  КОМПЛЕКСИ сунушталды; Дареги: https://www.bb.edu.gov.kg/
Билим берүү жана илими министрлиги “КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ РЕСУРСТАРЫ” деген аталыштагы - oku.edu.gov.kg билим берүү порталын түздү. Бул порталга 1-11-класстарынын окуу материалдары, электрондук китептер, кошумча адабияттар, тапшырмалар, видеосабактар, өнүктүрүүчү оюндар ж.б. жүктөлгөн. Буга кошумча “Кыргызстандын билим берүү ресурстары” деген аталыштагы you-tube канал ачылды;
 
  • ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ ДАЯРДОО
Кандай гана жагдай болбосун, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайларга тапшыруусун камсыздоо негизги максаттардын бири. Ал үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктарды көрүү балдардын даярдыгын камсыздоо зарыл эле. Андыктан ЖРТга даярдоо боюнча министрлик мектеп бүтүрүүчүлөрүнө онлайн ресурстарды топтомун сунуштады 
Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так аткаруу менен реалдуу режимде Жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлдү. Тест тапшыруу үчүн республика боюнча 117 борбор даярдалып, 44 миңдей окуучу катышты жана алардын ичинен 53 бүтүрүүчү “Алтын сертификаттарга” ээ болушту.
 
  • КЕСИПТИК ОРТО ЖАНА ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ
Кесиптик орто жана жогорку окуу жайларында да аралыктан окутуу чечими кабыл алынып, окуу жайлардын сунуштарын эске алуу менен - учурдук, аралык жана мамлекетик жыйынтыктоочу аттестацияларды дистанттык (аралыктан) кабыл алуу механизми иштелип чыкты. Ага ылайык ар бир окуу жайы мүмкүнчүлүгүнө жараша өзүнө туура келген модель менен аттестацияларды өткөрдү. Карантин күчөп турган учурда бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу аттестациясын  AVN мааалыматтык системасынын билим берүү порталынын жардамы менен компьютердик тестирлөө формасында өткөрүлдү;
Ал эми окуу процесси  AVN маалыматтык системасынын, ZOOM, Google classroom, MOODLE платформаларынын, Academic Affairs маалыматтык системасынын, Whatsapp, Skype жана электрондук почтанын, Кирлибнет электрондук библиотекаларынын ресурстары менен уюшулду. Окуу процесси үчүн керектүү болгон санариптик контентти окуу жайлары өздөрүнүн сайттарында, AVN маалыматтык системасынын порталында жайгаштырышкан.  
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн деңгээлинде http://distant.kesip.kg электрондук окутуу порталы ишке берилди.
 
  • МУГАЛИМДЕРГЕ УСУЛДУК ЖАРДАМ
Билим берүү процессинин негизги фигурасы болгон мугалимдер дагы усулдук жардамга муктаж экендигин эске алуу менен тиешелүү нускамалар жана сунуштамалар иштелип чыкты. Мисалга алсак, каникул мезгилиндеги коопсуздук чаралары боюнча, дистанттык формада окутууну уюштуруу боюнча мугалимдерге сунуштамалар, “Окуучулар менен иштѳѳдѳ ZOOM программасын видеоплатформа катары колдонуу” ж.б. Ошондой эле Дистанттык билим берүү боюнча https://ec.ripk.kg. платформасы түзүлүп, ал платформада - “Кыргызстандын мектептериндеги маалыматтык-коммуникациялык комптенециялар”, “Баалонун теориясы”, “Комптенттүүлүк мамилененин негизиндеги пландоо”, “Окутуунун активдүү жана интерактивдүү методдору”, “Мугалимдин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү” деген аталыштагы квалификацияны жогорулатуунун электрондук курстары өтүлдү.
Мындан сырткары аралыктан билим берүү ресурстары, аларды туура колдонуу, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү боюнча кеңири түшүндүрүүлөрдү камтыган вебинарлар ѳткѳрүлүүдѳ.
 
  • ДИСТАНТТЫК ОКУТУУДА КЕРЕК БОЛГОН ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАРГА (СЫНАЛГЫ, СМАРТФОН) МУКТАЖДЫКТЫ АНЫКТОО
Окуучулардын тиешелүү техникалык каражаттарга болгон муктаждыгын тактоо үчүн өлкө боюнча атайын ырааттуу мониторинг жүргүзүлүп, жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү жана бийлик органдары менен биргеликте аларды гаджеттер камсыз кылуунун үстүндө да иш алып барылды.
2020-жылдын март айында 4782 үй-бүлөдө телевизорлор жок болсо, бүгүнкү күнү алардын саны 1034 түзүп 4,6 эсеге азайды. Телефону жок 65 миң  окуучунун 47 миңине окуу процессине колдонуу үчүн  смартфондор алынып берилди.
 
  • ОКУУЧУЛАРГА ЖАНА АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЖАРДАМ
Пандемияга байланыштуу карантин учурунда окуучуларга жана ата-энелерге психологиялык жардам көрсөтүү үчүн ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө ыкчам байланыш номерлери иштеп, жарандарга психологиялык жардамдар, кеңештер берилди. Дистанттык окутуу учурунда жарандардан келген суроо-талаптарга жооп берүү үчүн бирдиктүү 8569 ыкчам байланыш номери иштеп жатат.
 
  • ЭКСПЕРТТИК-КОНСУЛЬТИТИВДИК КЕҢЕШТЕР
Министрликтин алдында, практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган Эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат. Кеңештин максаты чет өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын тажрыйбасын изилдеп, талдап, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун приоритет катары койгон бир нече варианттагы чечимдерди иштеп чыгып, сунуштоо. Бул максатты ишке ашыруу үчүн Кеңеш төмөнкү багыттар боюнча иш алып барды жана дистанттык окутуу мезгилинде ата-энелерге методикалык, психологиялык жардам көрсөтүү боюнча, башталгыч класстарды окутуунун алгоритми боюнча ж.б. атайын нускамаларды иштеп чыкты. Ушундай эле Консультативдик кеңеш жогорку окуу жайларына жардам берүү боюнча түзүлгөн.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

НОВОСТИ