Урматтуу кесиптештер, ардактуу студенттер! 23- сентябрь-«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынган күнү.
Бул күн улутубуздун турмушундагы тагдыр чечер тархый окуя деп эсептелет.
 
Ушул мыйзамдын кабыл алынышы менен маданиятыбызды, адабиятыбызды, тарыхыбызды жана илимибизди өз эне тилибизде өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Андыктан ар бирибиз ушул маселени терең түшүнүп, өзүбүздүн мамлекеттик тилибизди коомдук турмуштун бардык тармагында өнүгүп кетишине жан үрөп киришели.
 
Силерге, силердин жакындарыңарга ушул пандемия жүрөк заада кылып турган мезгилде чың ден соолук, амандык каалаймын.
Майрамыңыздар менен! 
 
КМУнун Мамлекеттик тил жана коммуникация боюнча проректору Эсенкулов Нурмамат Жокенович


Фото сюжет

НОВОСТИ