23-сентябрда Башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору Б.С. Чокошева тарабынан даярдалган Мамлекеттик тилдин кабыл алынышынын 31 жылдыгына карата онлайн иш чара  өткөрүлдү.

 Иш чарага университеттин жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы катышып, сөз сүйлөдү.

Иш чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил гимни менен башталып, доклад жасалып, студенттердин өздөрүнүн калемине таандык эне тили жөнүндө ырлар көркөм окулуп, кызыктуу слайддар менен коштолду, обондуу ырлар жаңырды.

Иш чара абдан мазмундуу жана кызыктуу өтүп, ага факультеттин профессор-окутуучулары да катышты.


Фото сюжет

НОВОСТИ