И.Арабаев атындагы КМУнун айрым факультеттеринде декандарды шайлоо иши жүрүп жатат. 27-сентябрь күнү педагогика факультетинин деканын шайлоо болду.

Жобого ылайык декандыкка илимий даражасы бар, адистиги туура келген талапкерлер арыздарын беришкен.

Алар: Адылбек Касымов, Мелис Оңолбаев жана Гүлзат Казыева. Шайлоого педагогика факультетинин окутуучу-профессордук курамындагы 53 кызматкердин  кырк тогузу  катышты. Ар бир талапкер өз программасын айтып шайлоочулардын суроолоруна жооп беришти.

 1-турдун жыйынтыгы боюнча Мелис Оңолбаев менен Гүлзат  Казыева ,: бири 48%, экинчиси 46% добуш алып экинчи турга өтүштү.

2- турдун жыйынтыгында 49 шайлоочунун 26 добушун алып, Оңолбаев Мелис декандык орунга шайланды. Шайлоо комиссиясынын төрагасы университеттин Окуу иштери боюнча проректору Тууганбай Коңурбаев болду.


Фото сюжет

НОВОСТИ