И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана коммуникациялар боюнча проректору Нурмамат Эсенкулов «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамын алды.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишмердүүлүгүндө чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

 

НОВОСТИ