И. Арабаев атындагы КМУнун География, экология жана туризм факультетинин деканы Чодураев Темирбек Макешовичти “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" наамын алышы менен И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов башында турган ректораттын жамааты куттуктайт.

“Темирбек Макешовичке бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана албан ийгиликтерди каалайбыз”- деп жазылат ректордун куттуктоосунда.

Эске салсак, аталган ардактуу наамды илимге эмгеги синген инсандарга Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков былтыр 2019- жылдын аягы, 2020- жылдын башында 30- декабрь күнү тапшырган.

НОВОСТИ