«Би-Би-Си» Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттери арасында «Сиз Британия тууралуу эмне билесиз?» деген интерактивдүү телевикторина өткөрдү. Сынакка И.Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун 3 студентинен турган команда катышкан.

Команданын курамына Нуржанбекова Айжанат, Алимжанова Асел жана Моңолдорова Эмили кирген. Жыйынтыгында алар 1-орунду ээлеп, «Би-Би-Синин» баалуу сыйлыктарына ээ болушту.

Башкы орунду багынтып, окуу жайдын намысын коргогон 3 кызды И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов, жаштар иштери жана спорт боюнча проректор Жайна Садыкбекова, Манас таануу жана лингвистика институтунун директору Сыртбай Мусаев куттукташты.

Ошондой эле «Би-Би-Синин» кызматкери, белгилүү журналист Кубат Чекиров, ректор Төлөбек Абдырахмановдун кабыл алуусунда болду. Анда Кубат Чекиров КМУ студенттерге татыктуу билим берип жатканын белгилеп, окуу жайга «Би-Би-Синин» атынан ыраазычылык кат тапшырды.

Сынактын тандоо туру ушул жылдын 28-августуна чейин жүргүзүлгөн. Сынакка катышууну каалаган командалар Британия менен Кыргызстандын окшош жактарын кыска жана кызыктуу түшүндүрүп бериши керек болгон.

Экинчи айлампа 28-августтан 2-сентябрга чейин өтүп, тандалып алынган командалар өздөрү окуган окуу жай тууралуу кыска видеопрезентация сунушташкан. Видеонун узундугу 3 мүнөттөн ашпашы керек болчу.
 


Фото сюжет

НОВОСТИ