16- октябрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга Окумуштуулар кеңешинин курамы толук катышты.

Анда  2020-2021 окуу жылындагы иш планын бекитүү боюнча маселелер каралып, курамдын мүчөлөрүнүн колдоосу менен иш план бекитилди.

Ошондой эле күн тартибиндеги негизги маселелерге да көңүл бурулуп, университетте эмгектенген айрым кызматкерлерди “И. Арабаев атындагы КМУнун Эмгек сиңирген ишмери” наамына, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине сунуштоо боюнча маселелер каралды.  Жыйынды аталган органдын төрагасы, КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов алып барды.

Соңунда ректорат окуу жайда эмгектенген айрым окутуучуларга жана кызматкерлерге университеттин жана министрликтин ардак грамоталарын, төш белгилерин, Бишкек шаардык мэриясынын жана Биринчи май райондук администрациясынын ардак грамоталарын тапшырды. Эске салсак, пандемия учурунда онлайн окутууну жакшы уюштурган факультет декандары жана мугалимдер аталган  кызматтардын сыйлыктарына ээ болушкан.  

 

 


Фото сюжет

НОВОСТИ