И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде  Жаштар саясаты жана спорт  боюнча 2020-2021-окуу жылына карата түзүлгөн иш пландын негизинде жыйын өткөрүлдү. 

Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Жайна Садыкбекова  пандемия шартында дистанттык формада онлайн жүргүзүлүп жаткан  окуу жана тарбия иштери боюнча маалымат берүү менен кырдаалга карата түзүлгөн шартта жаштар менен жүргүзүлүүчү иш пландын негизинде өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарган тарбия иштери боюнча жооптуу кызмакерлерге ректордун Ыраазычылык катын тапшырды.

Пандемия шартында дистанттык формада онлайн жүргүзүлүп жаткан окуу жана тарбия иштери боюнча аткарылган иштер боюнча төмөнкү маселелер каралды: 

  1. Шартка ылайык ыкчам түрдө вотсап группалар түзүлүп, аралыктан окуу-тарбия иштери боюнча пландар түзүлүп, иш алып баруу жолго коюлгандыгы;
  2. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде массалык-маданий иш-чараларды уюштуруу үзүлтүккө учурабай аралыктан онлайн формасында өткөрүлүп жаткандыгы;
  3.  “Лучший студент СНГ” наамына  Тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультетинин студенти  Калия Серкебаеванын ээ болгондугу; 
  4. КТРК менен Би Би Си уюштурган жогорку окуу жайлар аралык ”Сиз Британия тууралуу эмне билесиз” деген аталышта интерактивдүү телевикторинада Манастаануу жана Лингвистика институтунун студенттери 1-орунду багындырышкандыгы;
  5. Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлүп, Педагогика факультетинин студенттери мыкты даярдангандыгы;
  6. Карылар күнүнө карата берилген рапорттордун негизинде ардагерлерге  ректордун буйругу менен материалдык жардамдар берилгендиги;
  7.  Курамдардан берилген рапорттун негизинде Эл аралык Мугалимдер күнүнө карата  министрликтин, Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын, Октябрь  администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы, ошондой эле И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  Ардак грамотасы  менен сыйлоо маселеси каралып, татыктууларга тапшырылгандыгы;
  8. Президенттик “Үмүт” стипендиясына атайын  Жобонун талаптарына ылайык жети студенттин талапкерлиги каралып, министрликке жиберилгендиги  тууралуу маселелер каралып, маалымат берилди.

 

 

 


Фото сюжет

НОВОСТИ