Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев IFC эл аралык каржылык корпорациясынын өкүлдөрү Петью Николов, Джуматова Акнур жана Салтанат Алымкулова менен онлайн талкуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде “Мектептерди куруу жана реконструкциялоо” долбоорунун алкагында жүрүп жаткан жумуштарды талкуулашты.

Долбоордун негизинде Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында 20 жаңы мектеп куруу пландалган. Азыркы учурда эки шаардын бийлиги билим берүү мекемесин куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берген. Жакынкы алты айда IFC эксперттери мектеп курулуучу ар бир тилкенин жайгашуу ордун, техникалык-экономикалык негиздемесин эске алуу менен мектептердин курулушуна кетчү каражатты аныктап чыга турганын айтышты.

Долбоордун ишке ашуусуна кеткен каражатты IFC эл аралык каржылык корпорациясы берет. Корпорация техникалык жана башка талаптардын негизинде мектепти салып, пайдаланууга берүүгө милдеттүү.

Билим берүү жана илим министри бул долбоорду колдоорун жана тиешелүү жумуштарды өз убагында аткараарын айтып өттү.

IFC – Бүткүл дүйнөлүк банктын бир бөлүгү. Уюм мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдойт.

 

НОВОСТИ