2020-жылдын 23-октябрында И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин «Чыгыш тилдери» кафедрасынын башчысы С.Егимбаева  жана   «Аймак таануу жана маданият таануу» кафедрасынын башчысы Н.Абалова, ошондой эле  аталган кафедралардын окутуучулары Ош Мамлекеттик университетинде өткөн “Корей маданиятынын күндөрү-ОшМУда” аттуу маданий иш-чарага катышышты.

Аталган иш-чараны Ош Мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу кафедрасы уюштурган.

Иш-чараны ОшМУнун Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы С.Ж.Бөтөнөев ачып,  алгачкы куттуктоо сөзү ОшМУнун ректору – К.Г.Кожобековго берилди. Маданий иш-чара онлайн форматта өттү.  Аталган иш-чарага ЖОЖдордун окутуучулары, корей компанияларынын башчылары, студенттер, катышышты. 

Иш-чаранын максаты:корей маданиятын жаштар арасында жайылтуу жана корей тилин окууга жаштардын кызыгуусун арттыруу. Ошондой эле күз айында белгиленүүчү корей элинин салттуу “Чусок” майрамы жөнүндө кеңири маалымат берилди.

НОВОСТИ