И.Арабаев атындагы КМУда Илим күнүнө арналган онлайн – конференция өтөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №18, 14.01.20. Токтомуна жана КМУ илимий иштер боюнча планына ылайык Университетте 11.11.20. да «Эпидемиялык шартта табигый жана гуманитардык илимдерди окутуу» аталыштагы онлайн – конференция өткөрүлөт. Буга байланыштуу КМУ илимий проректорунун атайын чечими чыкты.
Конференциянын иш багыттары:
— Табигый жана математика кафедраларында дистанттык (онлайн) окутуу иштери, маселелери
— Гуманитардык жана коомдук илимдер кафедраларында дистанттык (онлайн) окутуу иштери, маселелери
— ЖОЖдордогу окутуу процессинде маалыматтык технологияларды жана техниканы пайдалануу өзгөчөлүктөрү, багыттары
— МКТ табигый жана гуманитардык илимдерди ЖОЖдо жана мектепте окутууда процессинде.
— Табигый жана гуманитардык илимдерди ЖОЖдо жана мектепте окутуунун актуалдуу маселелери.
Конференция КМУ жана КР башка ЖОЖдору менен биргеликте 10.11.20. cаат 14.00.дон тартып өткүрөлөт. Регистрация ZOOM https://us02web.zoom.us/j/3890310169?pwd=QkVZNUFORzBOS2RpK3loNHFoZXBlUT09