17-ноябрда жогорку окуу жайларда майрамдык иш-чаралар өтүп, студенттерге арналып куттуктоолор менен жылуу каалоо-тилектер айтылчу. Учурдагы пандемия шартына байланыштуу студенттер онлайн түрүндө, аралыктан билим алышууда.

И. Арабаев атындагы КМУда 17- ноябрь студенттер күнү онлайн түрүндө белгиленди. Иш- чараны окуу жайдын Жаштар иштери боюнча бөлүмү уюштурду. Ага университеттин ректору Т. А. Абдырахманов, Окуу бөлүмдүн башчысы О. Э. Капалбаев, Жаштар иштери боюнча бөлүмдүн жетекчиси А. Айдаров, студенттик парламенттин төрагасы болгон активдүү студенттер катышышты. 

Иш- чаранын башталышында университеттин ректору, профессор Т. А. Абдырахманов куттуктоо сөзүн сүйлөп, 1- курска тапшырган студенттерге ийгилик каалады. Андан соң, Окуу башкармалыктын башчысы О. Капалбаев студенттерди куттуктап, 1- курстун студенттерине билим ачкычын, сынак китепчесин тапшырды.  

Онлайн иш- чарага 100 гө жакын 1- курстун студенти  ZOOM программасы аркылуу катышышты.   

 

 


Фото сюжет

НОВОСТИ