И.Арабаев атындагы КМУнун  Экономика жана менеджмент институту менен  Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети курамдар аралык студенттик - онлайн  тегерек стол  өткөрдү.

«Кыргызстандагы пандемия жана экономикалык кризис студенттердин көз карашында» деп аталган онлайн форматындагы тегерек стол 16-ноябрда болуп өтуп, И.Арабаев атындагы КМУнун эки структурасы – Экономика жана менеджмент институту менен Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттеринин арасында уюштурулду. Тегерек столго И.Арабаев атындагы КМУнун илим иштерин уюштуруу бөлүмүнөн Г.Черикчиева жана Экономика жана менеджмент институтунун директору Ф.Турдукулов, Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы З.Алымкулов, окутуучулар жана студенттер болуп элүүдөн ашык киши катышты.

Анда төмөндөгүдөй багыттар боюнча маселелер талкууланды: 

  • Кыргызстандагы кризис: талдоо жана андан чыгуунун жолдору келечектеги экономисттердин жана журналисттердин көз карашында;
  • Пандемиянын экономикага тийгизген таасири;
  • Бизнести сактап калууда жарнама жана PR кампаниялардын орду;
  • Журналисттик иликтөө: Кыргызстандагы заманбап ММКлардын пандемия шартындагы ролу;

Учурдагы карантин, пандемия жана дүйнөнү алсыраткан экономикалык кризис тууралуу келечектеги экономисттер менен журналистттер ой бөлүшүп, өлкөнү кризистен алып чыгуунун ар кандай жолдорун сунуш кылышып, журналисттер менен реклама адистери иликтөө жүргүзүп, кызыктуу фактыларды алып чыгышты. Тегерек стол кызуу талкуу жана эсе ала турган мыкты ойлор менен жыйынтыкталды.


Фото сюжет

НОВОСТИ