И. Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун Психологиялык-педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасында 11-декабрь күнү саат 11-00дө Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган “Ч.Айтматов- ааламды багындырган жазуучу” деген аталыштагы тренинг-семинар өткөрулдү.
Иш-чарада залкар жазуучу Ч.Айтматовдун өмүр жолу, кыргыз адабият, маданиятына сиңирген барандуу эмгеги , дүйнөлүк адабияттагы кадыр-баркы, ошондой эле жазуучунун чыгармаларынын тил жана адабият илиминдеги орду туурасында ой- пикирлер ортого салынды. Семинарга кафедранын мугалимдери, магистранттар катышышты.