Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Чыгыш тилдери кафедрасы

«Kırgız ve Türkiye Türklerinin Medeni ve Kültürel Değerleri» (Кыргыздар менен Түркиялык түрктөрдүн маданий баалуулуктары) деген темада жыйын уюштурду.

Иш-чараны куттуктоо сөзү менен И.Арабаев атындагы КМУнун илимий иштерди уюштуруу боюнча жетектөөчү адиси – Черикчиева Гулмира ачып берди.

Кийинки сөз Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы, профессор З.А. Алымкуловго жана Чыгыш тилдери кафедрасынын башчысы, ф.и.к.,доцент  С.К.Егимбаевага жана кафедранын окутуучусу А.А.Турсуновага  берилди.

Иш чаранын илимий баяндамачылары:

Шуле Гүмүш - филология илимдеринин кандидаты, PhD доктор, Сивас Жумхуриет университетинин Гуманитардык факультетинин Фольклор бөлүмүнүн окутуучусу, Сивас шаары, Түркия;

Кенжегүл Калиева - филология илимдеринин кандидаты, PhD доктор, Сивас Жумхуриет университетинин Гуманитардык факультетинин азыркы түрк тилдери жана адабияты кафедрасынын окутуучусу, Сивас шаары, Түркия;

Рыспакова Мээрим – Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин Мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу, Кыргызстан, Бишкек шаары.

Иш – чаранын жүрүшүндө Чыгыш тилдери кафедрасынын Филология, Котормо жана Котормо таануу, Аймак таануу, Эл аралык байланыш багытындагы түрк тилин окуган студенттер өздөрүн  кызыктырган суроолору менен катышты.

 Кенжегүл Калиева баяндама окуудан сырткары бүтүрүүчү студенттерге окуусун аяктаган соң чет өлкөдөн өз кесиби боюнча жумуш табуу жолдору тууралуу суроо-жооп маек курду.

Иш-чаранын максаты:

- Студенттерге Түркиялык түрктөр менен кыргыздардын ортосундагы байланыштар, маданий баалуулуктар тууралуу маалымат берүү;

- Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыӊдоо;

- Студенттерди максат коюуга жана кесипкөйлүккө үндөө;

- Студенттерди шыктандыруу, мотивация берүү;

- Факультеттин имиджин көтөрүү.


Фото сюжет

НОВОСТИ