Дүйнө жүзүн каптаган коронавирус Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Экономика, медицинадан тышкары каатчылыкка кабылгандардын арасында билим берүү тармагы да бар. Алсак, азыркы тапта мектептер, Жогорку окуу жайлар бош турат. Сабактар онлайн өтүүдө. Онлайн окуунун кемчиликтери жана артыкчылыктары, студенттердин пандемия шартындагы окуусу, ишке ашпай калган максаттары бизди кызыктырды.  Биз ушул маселелер тууралуу маектешүү үчүн Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдрахмановдун иш бөлмөсүнө баш бактык.

-Саламатсызбы, Төлөбек  мырза. Азыркы тапта студенттер онлайн форматта окуп жатышат. Кадимки режимде качан окуп башташат?

 -Саламатчылык. Мындан 4-5 жума мурун биздин Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базасында Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы 60тан ашык бүт ректорлорду чогултуп,  чогулуш өткөргөнбүз. Ошондо “февраль айынан баштап офлайн окутууну баштайлы” деп чечим кабыл алганбыз. Министр өзү да жактырды, ректорлордун баары ошону колдоду. Азырынча расмий чечим жок. Бирок, сүйлөшкөн университеттер, анын ичинде биздин окуу жай да аудиторияларды жылуулап, социалдык аралыкты сактоого, коопсуздук маселелерин чечкенге  даярданып жатабыз. Буюруса февралдан баштап кадимкидей окутууну баштайбыз деп жатабыз.

-Көптөн бери билим берүү тармагында иштеген адам катары айтсаңыз. Аралыктан окуу жакшыбы же кадимкидей окуган жакшыбы?

-Эми мындай да, мектеп үчүн дагы, жогорку окуу жай үчүн дагы кадимкидей эле традициялык билим берүү жакшы. Мисалы, быйыл биздин 1-курска өткөн студенттер : “Кайсы университетке өткөнүбүздү билбей жатабыз. Факультетти, кафедраларды, профессорлорду көрсөк болот эле…” деп кат жазышып, суранып жатышат. Чынын айтканда аудиторияга келип, профессор, академиктерди көрүп сабак алган жакшы. Керек болсо алардын кыймыл-аракети, баскан-турганынан да студенттер сабак алат да. Студенттер да каалап жатат, биз да каалап жатабыз. Традициялык билим берүүгө жетпейт.

 Бирок, албетте жетекчи катары белгилеп коёюн, онлайн окуунун да жакшы жактары бар экен. Эки нерсени белгилеп коёюн. Биринчиден, Кыргызстанда көптөн бери дистанттык окуу киргизилген. Бирок, ошону жакшы өздөштүрө албай келгенбиз. Онлайн окуунун аркасынан муну жакшы өздөштүрдүк. Экинчиден,  канча жылдан бери аракет кылып, бирок, ишке ашпай келе жаткан, кээде мурунку министрликтер уруксат бербей, түшүнбөй келаткан маселе – чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу. Быйыл окууга кабыл алуу онлайн болбодубу.  Мисалы, биздин университет Кытайдан, Түркиядан, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу чет өлкөлөрдөн бир топ магистрант, студенттерди кабыл алдык. Онлайн эле. Чек арадан өтүүнүн, университетке келүүнүн убарасы жок. Тиги документ, бул документ деген убарасы жок, онлайн эле биздин экзамендерди тапшырып, бир топ магистрант, студенттерди кабыл алдык. Бул жакшы нерсе. Кыргызстандын жогорку окуу жайларын бир деңгээлге көтөрүп койду да.

-Онлайн сабак берүүдө башында кыйынчылыктар болдубу? Мугалимдер да бул нерсеге көнө элек болчу да…

-Былтыр онлайн сабак берүүгө өтүүнүн башталышы дагы кичине туура эмес болду. Маселен, 15-мартта кечинде үйгө барып, тамак ичип, “эртең жумушка барабыз” деп жатсак эле “эртең барбайсыңар, коменданттык саат” деп салышты. Анан ошондо мугалимдерибизди да жоготтук, студенттерди да жоготтук. Жанагы “кашыгы да, табагы да жок” дегендейчи.  Анан мен  деле “эртең жумушка барамбы же жокпу?” деп ойлонуп “кой барайын, ректормун да” деп келдим. Келсем университетте эч ким жок. Проректорлор, мугалимдер, студенттер эч ким жок, аңгырап эле бош… Аябай кыйын болду. Анан эптеп-септеп мугалимдерди байланышка чыгып отуруп таптык. Мугалим, кураторлор аркылуу студенттерди таптык. 2-3 күн мурда эскертип, “мынчасынан баштап карантинге кетесиңер” десе жакшы болмок да. Биз мугалимдерге, студенттерге түшүндүрүп, “ай кетет дегенде таптакыр эле жоголуп кетпейсиңер, иштейбиз, мындай иштейбиз, тигиндей иштейбиз” деп айтпай эле, баары жоголуп кетишти. Анан араң ар кайсы кокту-колоттордон студенттерибизди таппадыкпы. Нарынга кеткени Нарынга, Таласка кеткени Таласка кетишти. Анын үстүнө онлайн окуу деген жок. Азыр эми жакшы болуп калды. Онлайн окууну өздөштүрдүк, бир нече платформа менен иштеп жатабыз. Мугалимдер дагы, студенттер дагы көнүп калды.

-Азыр келишимдик негизде окуган студенттердин окуу акысы арзандадыбы? “Онлайн окуунун жакшы жактары бар экен” деп айтып кеттиңиз. Онлайн окууну өркүндөтүп, сырттан окуган студенттерге колдонсо болобу?

 -Акыркы убакта коомчулукта, депутаттар да маселе көтөрүп жатышат. “Студенттер онлайн окуп жатышса, окуу акысын азайткыла” дегендер бар. Бардык ректорлордун пикири ушундай. Тескерисинче биздин азыр чыгымыбыз көбөйдү. Мурда мисалы мындай болчу да. Бир аудиторияга 20-30 бала кирет, мугалим 1 саат лекция окуйт, кетип калат. Азыр деген мугалимдер ошол 20-30 баланын ар бири менен байланышка чыгып жатат да. Мугалимдердин убактысы да кетип жатат. Экинчиден мурда гуманитардык сабактарды аудиторияга кирип эле мугалимдер доскага бор менен жазып, картаны көрсөтүп эле сабак өтүп коюшса, азыр биз оргтехника алып бергенге мажбур болуп жатабыз. Мугалимдерге ноутбук, микрофон сыяктууларды сатып бердик. Анан ошол эле убакта китептерди оцифровка жасаш үчүн сапаттуу сканерлер керек болуп жатат. Айтор, биздин чыгымыбыз чынын айтканда мурдагыга караганда көбөйдү.

Сенин сурооң боюнча айтсам онлайн окутуу негизи керек. Жакшы нерсени өздөштүрүп алдык. Эртең февралда офлайнга өткөндө деле муну дагы алып кетиш керек. Эмне үчүн биздин университетте Европанын, Азиянын же башка чет өлкөнүн студенттери, магистранттары окубашы керек?!  Алар эми келе албайт. Бирок, онлайн окуй берсе болот.

-Пандемия учурунда кандай кыйынчылыктар өттү?

-Эң эле кыйыны – башында айтып өткөндөй мугалимдерди, студенттерди жоготуп жибердик. Анан оору күчөп жаткан маалда аларга ден соолугуна коркунуч жаратып кайра чакырып, онлайн окууну үйрөтүп жаттык. Мурдагы сурооңдо да берип кеттиң. Студенттердин келишим акысы университет үчүн абдан чоң нерсе да. Маселен жазында, жайында мурунку бийлик мындай кылды да. “Контрактын төлөгүлө деп айтпагыла! Студенттерди, ата-энелерин кыйнабагыла! Азыр базар, бардык нерсе жабылды. Мурда ата-энелер ресторандардан, базардан акча табышчу, азыр кыйналып жатат” деди. Студенттер эгер контрактты төлөбөсө – биз мугалимдердин айлыгын кантип беребиз? Мугалимдердин айлыгы 90 % контракттан, 10 % эле мамлекеттин бюджетинен бөлүнөт. Анан мугалимдерге учурунда айлык бериш керек. Интеллигент кишилер булар. Булардын короодо картошкасы, тоогу, малы жок. Булар бүт эле ушул айлыгын карап, көп кабаттуу үйлөрдө отурат да байкуштар. Мугалимдердин айлыгын, эмгек өргүүсүн учурунда берүү биз эле эмес, бардык университеттер үчүн кыйын болду. 

Анан экинчи жагынан студенттердин ата-энелеринин жумушу жок калды. Официант болуп, унаа жууп жаткан студенттер өздөрү бекер отуруп калышты. Аларды да кыйнаш кыйын болду. “Акча алып кел, контрактты төк!” деп. Анан биз ошол эки жээктин ортосунан Кыргызстандын бардык эле жогорку окуу жайлары жол таап, мугалимдердин айлыгын берип, чыгып кеттик.

– Университетте студенттер, мугалимдер ооруган жокпу? Кыйналгандарга университет кандай жардам көрсөттү?

-Биздин бир нече аттуу-баштуу, Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн агайлар ушул оору менен ооруп, өтүп кетишти. Алардын үй-бүлөлөрүндө жоготуулар болду. Студенттердин арасында да ооругандар болду. Анан ошол ооругандардын арасынан кайрылгандарга университет колдон келишинче жардам көрсөттү. Аны биз отчет түрүндө да бердик. Канча студентке, канча мугалимге кандай жеңилдиктерди бердик, канча жардам кылдык…  Бир топ суммадагы акчалай да жардам көрсөттүк, тамак-аш менен да, моралдык түрдө да жардам бердик. Биздин мугалимдер менен студенттер эле эмес, биз университтеттин сайты аркылуу биздин бүтүрүүчүлөргө да кайрылдык. “Биздин университеттин бүтүрүүчүлөрү, эгер кандайдыр бир көйгөйлөрүңөр болуп жатса бизге кайрылсаңар колдон келишинче жардам беребиз” деп бүтүрүүчүлөргө маалымат чыгардык. Эми колдон келишинче жардам беребиз да.

Анан жардам бере албай калган учурлар да болду. Алсак, биздин Орусиянын жогорку окуу жайларына окууга өткөн студенттерге жардам кыла албай калдык. Алар аяктан да окуй албай, бул жактан да окууга кире албай калды.

Андан сырткары бизде Корей институту менен Япон институту бар. Алар менен 2-3 келишим ишке ашышы керек эле, ашпай калды. Алар менен келишим боюнча биз жылына 60тан 100гө чейинки студенттерди Японияга барган-келген учагынын билети, тамак-ашы, жашаганы баары бекер тажырыйба алмашууга жибермекпиз. Тилекке каршы, долбоорлор пандемиядан улам токтоп, ал балдардын баары бул жакта эле отуруп калышты. Аябай жакшы болчу да бул студенттер үчүн. Япониялардын фирмалары келип студенттер менен сүйлөшүп, керек болсо кйиген кийимдерине, өздөрүн алып жүргөн маданиятына чейин карап, өздөрү тандап алышчу. Алардын ата-энелерине чейин сүйлөшүп, анан жашаган жерин, жол киресин, айлыгын төлөп алып кетишчү. Абдан жакшы долбоор болчу. Анан мунун дагы бир жакшы жери бүтүрүүчүлөрдү керек болсо Японияда калып иштейбиз десе жумуш таап берип, 100 % каржылашмак, келишимде ошондой жазылган.  “Жок, Кыргызстанга кетем” дегендер убактылуу тажырыйба алып келишмек. Анан ушундай жакшы долбоорлордун баары азырынча токтоп калды. Ушул жагынан бизге жаман болду.

-Сизди “жакшы менеджер” дегендерди угуп калгам. Ректор – менеджер болушу керекпи?

-Эми мындай да. Кыргызстан – мурунку Советтик чөлкөмдө өзүнчө уникалдуу жол менен кетип бара жаткан мамлекет. Ошонун бир эле белгиси – Кыргызстандын жогорку окуу жайлары мурунку Совет өлкөлөрүнөн айырмаланып башкача жол менен өнүгүп баратабыз. Эң өзгөчөлүгү, Кыргызстандын жогорку окуу жайлары  – өзүнчө эле бизнес компания. Эмне үчүн? Жогоруда айтпадымбы 90% өзүбүз иштеп тапкан акча менен жашайбыз. Анан чынын айтыш керек. Жакшы жашайбыз. Биздин азыр Ош мамлекеттик университети, Политехникалык университети, Медакадемиялык университет сыяктуу алдыңкы университтерибиз бар. Булардын бюджети да чоң, мугалимдеринин да айлыгы жакшы, оргтехника, имараттын шарттары, айтор, бүт баарын өздөрү каржылайт. Биздин университет да ошондой. Анан ал жерде албетте жетекчи менеджер болуш керек. Мурдагы Совет өлкөлөрүнүн ректорлору мурдагыдай эле жашайт; билим беруү, илим, тарбия. А Кыргызстандын ректорлору акча санап отурат да. “Мынча киреше түшүш керек, мынча чыгаша, кирешенин мынчасы айлыкка, мынчасы университетти өнүктүрүүгө кетиши керек, командировкага мынча, китеп, компьютер алыш керек, чет өлкөдөн инвестиция тартуу керек” деп эле отурабыз. Тиги бизнесмен менен, бул бизнесмен менен сүйлөшөбүз. Чет өлкөдөн долбоорлорду таап, анын эсебинен мугалимдерди чет өлкөгө тажырыйба топтоого жиберебиз. Биздин Кыргызстандын мугалимдери кыйын. Чет өлкөгө канча бардык, башка өлкөлөрдүн мугалимдери баары мамлекеттин эсебинен тажырыйба алууга барышат, а кыргызстандыктар алардын акчасы менен барат. Эч качан бюджеттин акчасы менен барбайт. Ушунун баарын уюштурганда университеттин жетекчиси каалайсыңбы, каалабайсыңбы менеджер болосуң да.  Ошол эле кадр маселеси, бюилим берүү, илимий маселелер, эшиктин алдында кар күргөндөн баштап, көп суммадагы акча керектелчү дүйнөлүк аккредитациядан өтүүгө чейин университеттин жетекчилери чечет. А кылбасаң болбойт. Бул жагынан алганда мен эле эмес бүт университеттин ректорлорун мыкты менеджерлер деп койсо болот .

Биздин университет деле элден артта калбай келатабыз. Мына 2-3 параметрди айтып коёюн. Мен 2010-жылы жетекчиликке келгенде университеттин жылдык кирешеси 150 милилон сом болчу. Азыр 400 миллиондон аштык. Анан мен мамлекеттин мурунку башчыларына айтарым, аларга тийишким келбейт, бирок, Кыргызстандын мамлекеттик бюджети ушундай өссө –  Кыргызстан жыргап жашамак да. Элдер киреше десе эле бир гана студенттерден түшкөн акча деп ойлобошу керек. Жок. Келишимдин бир нече булактары бар. Жалаң студенттин акчасын карап отура берсек анда биз өнүкпөйбүз. Кыргызстандын ректорлору тияктан грант, бул жактан инвестиция деп отуруп эптеп-септеп мугалимдердин да айлыктарын көбөйткөнгө, имараттарды оңдоп-түзөөгө аракет кылабыз.  Мисалы,  мамлекеттен имараттарды оңдоп-түзөөгө 1 тыйын берилбейт.  Китеп алганга, компьютер алганга, оргтехника алганга, машина алганга жана башка иштерге 1 тыйын дагы бөлүнбөйт! Аны университет өзү иштеп табат, өзү каржылайт. А мектептин китеп чыгарышы боюнча жылына эле чыр го. “Аяктан жеп кетиптир, бул жактан алып кетиптир” деп. Мектептин китептерин чыгарууга абдан көп акча бөлүнөт.

-Өзүңүздүн буга чейинки университет үчүн кылган иштериңизди айта кетсеңиз.

-Биздин окуу жай деле мамлекеттин бюджети сыяктуу жыл сайын окуу жылынын башында каржыларды бөлүштүрөбүз. Анан ошондо киреше жана чыгаша деген 2 план бар. Чыгышы бөлүгүндө бир нече тармак бар. Айлык акы, соцфонд, коммуналдык кызматтар, командировка жана башкалар. Анан ошондон эң аягында акча калса, биз капиталдык оңдоп-түзөөлөрдү жасайбыз, бирдеме курабыз. Буюруса университетте акыркы жылдары киреше көбөйдү, ошонун натыйжасында 2-3 жерге имарат курдук, оңдодук. Студенттер үчүн эң  жакшы болгону 3 кабат электрондук китепкананы реконструкция кылып, колдонууга бердик. Заманбап шаймандар менен камсыз болгон. Бүт баары, LED-экран, синхрондуу котормо бар.  Керек болсо президенттик аппараттан, Жогорку Кеңештен, Өкмөттөн кайрылып ошол жерде чогулуш, жыйындарды өткөрүп жатышат.

 

-Кыргызстанда билим берүү тармагын бизнес катары көрсө болобу?

 

-Бул боюнча Кыргызстан эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде талаш-тартыш бар. Бирөөлөр: “Билим берүүнү бизнеске айлантпаш керек! Билим берүү таза болушу керек!” деп айтышат. А бирок, ошол эле убакта орусча айтканда “рынок образовательных услуг” деген бар. Эмне үчүн бизнес эмес?! Бизнес! Бирок, билим берүүгө түздөн түз багытталган бизнес да. Эгер жетекчиликте  менеджерлер турса, ошол бизнес чөйрөсүндө кылып жаткан ишти деле университеттер кылып жатышат. Жанагы окуу акысын айтып жатпаймынбы, ал кирешенин бир эле булагы, андан башка да булактар бар. Университеттер ошолор менен иштеп, ошондон тыйын-тыпыр таап, тиягына чаптап, биягына чаптап университетти өнүктүруп жатат да.

Дагы бир нерсени айтып коюш керек. Мамлекеттик айрым уюмдар бут тосконго карабай. Мисалы үчүн кээ бир университеттер бар, политехникалык университет, медакадемиялык университет , Кыргыз улуттук университет, менин оюмча буларда мүмкүнчүлүктөр аябай көп. Ошолорду пайдаланып, технопарк ачып, анан ошол жерден пайда тапканга мүмкүнчүлүгү бар. А бирок, мамлекеттин бир буйруктары, мыйзамдары бар ошого жол бербеген. “Муну жасабайсыңар, муну кылбайсыңар, мындан акча таппайсыңар” деген. Азыр сага бир нерсени айтып коёюнчу. Мисалы биздин 80 миллион сом азыркы күндө банкта жатат. А банк ошону айлантып, бирөөгө кредит берип жатат, бирөөгө бизнес-планына бөлүп жатат, кыскасы банк пайда таап жатат. А биз ала албайбыз. Анткени болбойт. Аны мамлекет да пайдалана албайт, биз да пайдалана албайбыз, ортодо коммерциялык банктар  пайдаланып жатат. Ошол 80 миллиондун дивидендин эле алсак бизге бир топ эле акча түшмөк да. Ошолорго мамлекеттин кээ бир мыйзамдары туура келбей калат да.

-Тоскоолдуктар деп калдыңыз. “Бул  акчаны кайдан таптыңар?” деп мамлекет тарабынан текшерүүлөр болуп турабы?

-Болот, албетте. Текшерет.

-Тоскоолдуктар, текшерүүлөр ишиңиздерди андан ары өнүктүрүүгө шыгыңыздарды өчүрбөйбү?

-Көп маселе боюнча өчүрөт. Мисалы, курулуш иштеринен кийин бизде проректорлор, инженерлер бар да. Аябай текшерип, тияк-биякка чакырып, силкилдетип сурак кылгандан кийин алар мага келип: “Агай эч нерсе курбай эле коёлучу. Ушул түшкөн акчаны айлык кылып эле жеп жата береличи” деп айтышат. Шаабайлары сууп, өздөрүн таштап коюшат. Мен деле кээде ошондой болом. Анан бирок, антсек, болбойт да. Түшкөн акчаны эле жеп алып, көздү тостойтуп жата берсек болбойт. Мамлекет өнүгүш керек. Эгер акчаң болсо бир жерге бир нерсе куруш керек. Анан жанагы сырттан келген инвестицияны да текшерет. 2-3 чоң маселе бар Кыргызстанда. Булар; акчаны адалдоо, террористтик уюмдардан каржылоо сыяктуу. Анан биздин университетти деле келип: “могул акчалар кайдан келди? Эмненин негизинде келди? Каяка кетти?” деп текшерет. Анан айтабыз, “бул  долбоор боюнча, бул жакка короттук” деп.

-Маегиңизге ыраазычылык, ишиңизге ийгилик!

Булак. Ваrs Media

 


Фото сюжет

НОВОСТИ