И.Арабаев атындагы КМУнун ректору болуп кайрадан Төлөбек Абдырахманов шайланды.  Шайлоого 665 мугалим катышып, анын ичинен 483 мугалим Абдырахмановдун талапкерлигин колдоп беришти.

163 мугалим Өмүрбек Карымшаковго добуш берсе, 11 мугалим Курманбек уулу Талантты колдогон. Добуш берүү урнага бюллетень салуу жолу менен жүргүзүлдү.

Төлөбек Абдырахманов 58 жашта, тарых илимдеринин доктору, профессор. Буга чейин да И.Арабаев атындагы КМУнун ректору болуп иштеген.
 

НОВОСТИ