Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров И. Арабаев атындагы КМУга келип, жакында эле кайрадан ректор болуп шайланган Абдырахманов Төлөбек Абыловичти иш ордуна расмий түрдө отургузуп,  КМУнун Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

И. Арабаев атындагы КМУ Кыргызстандагы бирден- бир көрүнүктүү, алдыңкы окуу жайлардын бири экенин баса белгилеген министрдин орун басары  ректорго жана  университеттин  эмгек жамаатына жаңы жылдын алдында жакшы тилектерин айтып, окуу жай жетекчилигинин мындан аркы иштерине албан ийгиликтерди каалады.   

 Ошондой эле ректор эмгек жамаатынын алдында сүйлөп, алардын ишеничин актоого аракет кыларын айтты. "Биринчиден, ишеним көрсөтүп кайрадан шайлаганыңыздар үчүн баарыңыздарга ыраазычылыгымды билдирем, сиздердин ишенимди актап, окуу жайды мындан да бийик деңгээлде өнүктүрүү үчүн болгон күч аракетимди жумшайм"- деди -  Төлөбек Абдырахманов. Эске салып айта турган болсок, 24- декабрь күнү И. Арабаев атындагы КМУда ректорду шайлоо өткөн. Шайлоого 665 мугалим катышып, анын ичинен 483 мугалим Абдырахмановдун талапкерлигин колдошкон...


Фото сюжет

НОВОСТИ