Жаңы жылыңыздар менен!

Билинбей жыл айланып жаңы жылыбыз дагы кирип келип калды. Бул жыл мамлекетибиз  үчүн жеңил болгон жок. Дүйнөнү каптаган коронавирус дарты биздин өлкөгө да жетип, анын кесепетинен бир канча жараныбыз тилекке каршы өмүр менен бей ажал кош айтышты. Алардын арасында биздин да айрым сүйүктүү кесиптештерибиз акка моюн сунду. Алар биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт! Алардын агартуу тармагына кошкон салымы эч качан унутулбайт!

Мамлекетибиз экономикалык жактан бир топ чыгымга учурады. Бирок, дүйнөдөгү көп мамлекеттерге салыштырмалуу элибизге келген оор сыноону кыргыз эли ынтымактуулугу, биримдиктүүлүгү менен дартты күчөтүп жибербей өз убагында абалдан жеңил чыга алды. Кандай болгон күндө да өлкө үчүн элдин саламаттыгы эң башкы орунда эмеспи.

Пандемиянын  кесепети Билим берүү системасына да оор кедергисин тийгизди. Жалпы билим берүү тармагы аралыктан иштөө принцибине өттү. Шартка байланыштуу  буга чейин анча жакшы өнүкпөй келген онлайн окуу программасы билим берүү тармагында  оң жолго салынгандай болду.

Мисалы, И. Арабаев атындагы КМУ онлайн билим берүүдө  өз аракетибизге жараша жакшы иштерди жасоого жетиштик. Тактап айтканда аралыктан окутууну бир нукка салып, бир жолго коё алдык. Пандемиянын пайдасы-бизди онлайн окууга үйрөттү. Аталган окуу системасын тез өздөштүрүп, чарчап- чалыкпай билим берген университетибиздин мугалимдерине, сүйүктүү  студенттерибизге терең ыразычылык билдирем. Мындан ары офлайн окутуу менен бирге эле, онлайн окууну да жүргүзүп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү деп айта алам.  

 Өзүңүздөргө белгилүү  болгондой, жакында эле  университеттин эмгек жамааты, мугалимдер, сиздердин колдооңуздар менен кайрадан куттуу окуу жайыбыздын ректору болуп шайландым.  Мага ишеним көрсөтүп, колдогонуңуздарга терең ыраазычылык билдирем. Алдыбызда дагы көп жакшы иш пландар, бийик максаттар бар. Кудай буйурса ошол бийик максаттарга сиздер менен бирге жетүүгө аракет кылам. Окуу жайыбыз гүлдөгөн окуу жайга айланууга тийиш. Ал үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Иштеш гана керек. Сиздер мага ишеним көрсөтүп шайлаган соң, мен, татыктуу иштеп берүүгө бар күчүмдү жумшайм!

Кирип келе жаткан 2021- жыл  албан ийгиликтин, зор жетишкендиктин, өнүгүүнүн жылы болсун! Оору- сыркоодон, ажалдан алыс бололу. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө наристенин күлкүсү жаңырсын! Үйүңүздөр шаңга бөлөнсүн! Баарыңыздарды жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Бактылуу, бакубат, байгер турмуш каалайм!

Жаңы жылыңыздар менен!

Урматым менен И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Абдырахманов Төлөбек Абылович!  


Фото сюжет

НОВОСТИ