Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында ЖОЖдордун ректорлору тарабынан келишимдик акынын айланасында жаралган кырдаалга байланыштуу маалымат берилди.

Министр жаралган көйгөйдүн алкагында ар бир ректорго жогорку окуу жайдын деңгээлинде чогулуш уюштуруу жана ар бир студентке индивидуалдык мамиле жасоо, алар менен тыгыз иштешүү тапшырмасын берди. Ошондой эле студенттерге жогорку окуу жайдын абалы, мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүүнү, жаралган көйгөйлөрдү студенттер менен биргеликте талкууга коюуну тапшырды.

Жыйындын соңунда министр жогорку окуу жайлар кайрадан ачылганда студенттердин, мугалимдердин, техникалык персоналдын ден соолугу биринчи орунда экенин баса белгилеп, санитардык эрежелердин сакталышына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
 


Фото сюжет

НОВОСТИ